Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Садыр Жапаров «Айкөл» ордени менен сыйланды
11.09.2025 | 13:40

Президент Садыр Жапаров түрк мамлекеттеринин ортосундагы маданий байланыштарды чыңдоого кошкон салымы жана руханий баалуулуктарды өнүктүрүүгө көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын «Айкөл» ордени менен сыйланды.
Президенттин администрациясы кабарлагандай, бүгүн, 11-сентябрда, Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин диний лидерлеринин делегациясын кабыл алды.
Мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмунун кызматташтыгында дин жааты өзгөчө мааниге ээ экенин баса белгиледи.