Кой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылуудаПрезидент Садыр Жапаров Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине катыштыЖККУнун жаңы миссиясы: Борбор Азияда табигый кырсыктарды башкаруу борбору пайда болот«Түндүктүн» кызматтарын колдонуу үчүн электрондук кол тамганы кантип алуу керек?Токмокто аял өзүнүн 2 баласын бычактап өлтүрдү. Окуянын чоо-жайыКыргызстандык Nomad тобу «Интервидение-2025» сынагында сахнага 2-болуп чыгат
Дүйнөдө жыл сайын 700 миңден ашуун адам өз жанын кыят — БУУ
12.09.2025 | 11:08

БУУнун маалыматына ылайык, жыл сайын дүйнө жүзүндө 700 миңден ашуун адам өзүнө-өзү кол салып каза болот.
Өз жанын кыйгандардын көпчүлүгү 15–29 жаш курагындагы жаштар экени белгиленди. Бул көрүнүш жогорку кирешелүү өлкөлөргө гана эмес, дүйнөнүн бардык аймактарына мүнөздүү.
Адистердин айтымында, суицид көбүнчө депрессия, алкоголдук көз карандылык, финансылык көйгөйлөр жана жакын адамынан айрылуу сыяктуу кырдаалдардан улам жасалат. Ошондой эле куралдуу жаңжалдар, табигый кырсыктар жана басмырланган топтор арасында да көрсөткүч жогору.
Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул көйгөйдү чечүүдө саламаттыкты сактоо, билим берүү жана маалымат каражаттары чогуу иш алып барышы керектигин белгилөөдө.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар