Кыргызстандын сегиз ишканасына Кытайга продукция экспорттоого уруксат берилдиКазакстанда жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча референдумдун күнү белгилендиКыргызстандын ШКУдагы төрагалыгы: артыкчылыктар жана негизги чакырыктар“Өзүм ушундай чечим кабыл алдым”. Нурланбек Тургунбек уулу Жогорку Кеңештин төрагалыгынан кетерин жарыяладыАшууларда кар жаап, чектөөлөр күчүндөАрал-Казарман унаа жолуна кар көчкү түшүп, жол жабык
Камчыбек Ташиев үч эмдин энесине жаңы батир берди
14.09.2025 | 10:00

Кечээ, 13-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Ош шаарында үч эмдин энеси Нуржамал Баатырбек кызына үч бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды.
Нуржамал – Алай районунун Арпа-Тектир айылынан, төрт баланын энеси. Ал 2024-жылдын 29-ноябрында жарыкка келген үч эмине Мустафа, Муслим жана Муса деп ат койгон. Жолдошу менен ажырашкандан кийин балдарын өзү тарбиялап, ата-энесинин үйүндө жашап келген.
Жаңы батир толук жасалгаланып, жаш эне менен анын балдары үчүн кең жана ыңгайлуу шарт түзүлдү.