Кыргызстан туруктуу отунду өнүктүрүүдө глобалдык демилгелерге кошулат

15.09.2025 | 12:15

15-сентябрда Кыргызстандын энергетика министри Таалайбек Ибраев Япониянын Осака шаарында өткөрүлгөн биринчи министрлик кеңешмесине катышты. Иш-чара Япония жана Бразилиянын төрагалыгы алдында уюштурулуп, 32 өлкөнүн жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Министрликтин басма сөх кызматы кабарлагандай, өз сөзүндө Ибраев Кыргызстан отундун туруктуу түрлөрүн өнүктүрүү жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын интеграциялоо боюнча глобалдык демилгелерге активдүү катышууга даяр экенин билдирди. Ал энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, көмүртектин изин азайтуу жана «жашыл» энергетика жаатында эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү өлкө үчүн артыкчылыктуу багыт экенин белгиледи.

Министр биоотун, суутек жана синтетикалык отунду пайдаланууну кеңейтүү демилгелерин колдой турганын, ошондой эле Борбордук Азиядагы энергетикалык тутумдардын жыштыгын жана тең салмактуулугун жөнгө салуу боюнча практикалык изилдөөлөрдү жүргүзүүгө кызыкдар экенин кошумчалады.

Таалайбек Ибраевдин айтымында, туруктуу отунду өнүктүрүү климаттык максаттарга жетүүгө гана эмес, аймактын экономикалык өсүшү жана технологиялык өнүгүүсү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө көмөктөшөт.

Scroll to Top