Бишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөт

15.09.2025 | 19:49

«Бишкекгаздын» маалыматына ылайык, орто басымдагы газ өткөргүчүндө оңдоо иштери жүргөндүгүнө байланыштуу 16-19-сентябрь күндөрү Бишкектин бир катар райондоруна жаратылыш газы берилбейт.

Газ убактылуу өчүрүлө турган аймактар: Фучик көчөсү, ЧЧК, Ала-Арча дарыясы, Москва көчөсү, Кулиев көчөсү, Бөкөнбаев көчөсү, Дэн Сяопин көчөсү, Жангерчинов көчөсү, темир жол тилкеси, Садыгалиев көчөсү, Б.Алыкулов көчөсү, Патрис Лумумба көчөсү жана Профсоюзная көчөсү.

Оңдоо иштери Бишкек мэриясынын көчөлөрдү кеңейтүү демилгесине байланыштуу жүргүзүлүүдө.

Scroll to Top