Эксперт: ЖК Төрагасы кызматына аялдын дайындалышы өлкө үчүн «турукташтыруучу фактор» болушу мүмкүнАймактардагы 220 мектепке лабораториялык жабдуулар жана ноутбуктар берилдиБишкекке 95 жаңы автобус жана 42 бирдик атайын техника берилдиБишкектин 7-апрель көчөсүндө жылуулук түтүгү жарылды. Мэрия оңдоо иши башталганын билдирдиКазакстан Starlink интернет-трафигин Кыргызстанга жана коңшу өлкөлөргө жеткирүүнү пландаштыруудаКамила Талиева президент менен Камчыбек Ташиевди ушакчылар уруштурганын айтып, аларды жараштырууну сунуштады
Бишкектеги Кара-Жыгач конушунда өрт чыгып, 2 күжүрмөн эсеп тартылды
16.09.2025 | 10:23

Бүгүн, 16-сентябрда таңкы сааттарда Бишкек шаарындагы Свердлов районунда жайгашкан Кара-Жыгач конушунда контейнерден курулган турак үйдөн өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдын ала маалыматына ылайык, өрттү өчүрүүгө саат 08:40та Октябрь райондук №7 ӨКБдан бир бөлүм тартылган. 09 мүнөттөн кийин, саат 08:49да дагы бир бөлүм — Октябрь райондук №5 ӨКБдан кошулган. Натыйжада жалпы 2 күжүрмөн эсеп ишке кирди.
Алдын ала маалымат боюнча, тилсиз жоо болжол менен 300 чарчы метр аянтты камтыды. Өрттүн себеби жана жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда.