Жасалма акчалар менен телефондорду алып-сатып жүрүшкөн. УКМК траснулуттук кылмыштуу топту кармадыУЭТК кышка чейин 760 чакырым жаңы кабелдерди тартып чыгатЕвропа биримдигинде интернетке кирүүгө курактык чектөө киргизилетКыргызстандын экономикасы өсүүдө, бирок жашоо да кымбаттап жататБишкектин бир бөлүгүндө 20-апрелде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулатУКМКнын ДНК-лабораториясы бир жыл ичинде 40ка жакын экспертиза жүргүзгөн
Кечээ гана ачылган Лев Толстой көчөсүн суу каптады: Мэрия түшүндүрмө берди
16.09.2025 | 15:38

Бүгүн, 16-сентябрда Бишкектеги Лев Толстой көчөсүнүн жаңы оңдолгон бөлүгүн суу каптады. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык көчөнүн түштүк тарабындагы газондо болгон: диаметри 150 мм болгон суу түтүгү жарылып кеткен.
Окуя болгон жерге “Бишкексууканал” ишканасынын авариялык бригадалары чыгып, ыкчам иш жүргүзүүдө.
Мэриянын маалыматына ылайык, жолдун үстүнкү катмарына зыян келген эмес. Учурда суу түтүгүн калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат.
Тиешелүү кызматтар кырсыктын кесепетин толук жоюп бүткөнгө чейин айдоочуларды жана шаар тургундарын этият болууга чакырышты.