Улуттук банк эсептик ченди 12% деңгээлинде сактады: инфляция 10,8%га чейин төмөндөдү«Кумтөрдүн» тогуз айдагы кирешеси 1 миллиард доллардан ашты, таза пайдасы 548 миллион долларды түздүРухий-Мурас, Тунгуч, Кырман: Бишкектин бир катар конуштарында 28-октябрда суу өчүрүлөт27-октябрда өлкөдө жаан-чачын күтүлбөйтКыргызстандык дзюдочу Фадиль Исмагомбетов Душанбедеги эл аралык турнирде коло уттуНарында 350 орундуу жаңы оорукана курулушу мүмкүн
Сабап, байлап, акчасын тартып алышкан. Бишкекте каракчылык окуясы болду
16.09.2025 | 15:42
Укук коргоо кызматкерлери тарабынан каракчылык кылууга шектелип үч жигит кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 3-августта «102» кызматына Жунусалиев көчөсүндөгү үйгө үч жигит кирип, кожоюнун сабап, байлап салышканы, андан кийин анын уюлдук телефонун жана 120 миң сомун алып кетишкени тууралуу маалымат түшкөн. Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Бишкек ШИИББдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери шектүүлөрдүн өздүгүн такташкан. Алар 23 жаштагы Ж.Э. менен О.Р., ошондой эле 22 жаштагы Д.Д. экени аныкталган. Шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар


