Салык жыйымдары рекорддук 389 млрд сомго жетти. МСК жыл жыйынтыгын чыгардыПрезиденттин Администрациясында 2025-жылдын жыйынтыгы чыгарылды2026-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда ишкердик толук коргоого алынатКамчыбек Ташиевдин жардамчысымын деп, ишкерлерди коркутуп жүргөн. Шектүү кармалдыКумтөрдүн кирешеси 124 млрд сомдон аштыКыргызстан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча дүйнөлүк рейтингде 46 тепкичке көтөрүлдү
Бишкекте Ахунбаев көчөсүнүн жаңыланган бөлүгү ачылды
17.09.2025 | 12:00

Бүгүн борбор калаада Ахунбаев көчөсүнүн 7-апрель көчөсүнөн Жукеев-Пудовкина көчөсүнө чейинки узундугу 1,7 км бөлүгү толугу менен пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэрия кабарлады.
Жолдун бул бөлүгүндө төмөнкү иштер аткарылган:
- эки катмар асфальт төшөлдү;
- жаңы жол белгилери орнотулду;
- жол сызыктары тартылды;
- жол боюндагы бордюрлар жаңыланды.
Мэрия маалымдагандай, бул оңдоо иш-чаралары унаа агымын жакшыртууга жана жол коопсуздугун жогорулатууга багытталган.
Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундары жана конокторун жолдордун жаңыланган тилкелеринде жол эрежесин так сактоого чакырат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом