Кыргыз профессионал театрына 100 жыл: Бишкекте республикалык театр фестивалы өтөт«Балага сүйүнчү»: Кыргызстанда төлөмдү алуу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаКыргызстан менен Монголия жашылча-жемиштерди жана кургатылган мөмөлөрдү жеткирүүнү талкуулаштыКыргызстанда айрым полимердик пакеттерди жана пластмасса буюмдарын өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат«Кыялым орундалды»: Айсулуу Тыныбекова «Полчанки 2» тасмасындагы ролу тууралууБишкекте №37 жаңы автобус каттамы ишке кирди
Бишкекте 17 жаштагы кыз эркек кишини бычактап, андан кийин өзүнө кол салган
17.09.2025 | 12:27
Бишкекте 17 жаштагы кыз эркек кишини бычактап өлтүрдү. Бул тууралуу Reporter.kgге Биринчи Май райондук ИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 16-сентябрда, болгон. Кечки саат 23:30дар чамасында «102» кызматына Коёнкөзов көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйлөрдүн биринде жашаган А. аттуу жаран (аял) үй-бүлөлүк чырдан улам С. аттуу эркекке бычак сайып, ал алган жарааттарынан улам каза болгону тууралуу кабар түшкөн.
Окуядан кийин кыз өзүнө өзү кол салып, дене жаракаттарын алган. Учурда ал ооруканага жаткырылып, конвойдун көзөмөлүндө каралууда. Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Киши өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголгон. Бардык зарыл экспертизалар дайындалып, азыркы тапта тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар