Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жаңы улуттук оюндар кошулат

19.09.2025 | 16:06

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасы ар улуттун салттуу оюндарын камтып кеңейүүдө. Бул тууралуу анын катчылыгынын башчысы Нурсултан Аденов «Кабар» агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, оюндардын катарына бурят элинин «сөөк сындыруу» оюну киргизилди.

«Кол менен сөөктү бөлө чаап ойношот. Бул оюнга кызыккандар көп экен, аудиториясы да чоң. Ошону да программага кошуп жатабыз», — деди ал.

Мындан тышкары, татар элинин улуттук күрөшү — «кораш» да ДКО программасына кошулган.

Scroll to Top