Гутерриш: деңиз деңгээлинин көтөрүлүшү адамдарды келечектен ажыратуудаКыргызстандын мыйзамдарына «буллинг» жана «кибербуллинг» түшүнүктөрүн киргизүү сунушталуудаТүп районунда лагерь жана 6 гектар жер мамлекетке кайтарылдыФермерлерди кредиттөө онлайн форматка өткөрүлөтАКШнын элчиси Лесли Вигери төрт жылдык ишин жыйынтыктап, Кыргызстан менен коштоштуКыргызстандын банктарында жаңы депозиттердин көлөмү 937 млрд сомго жетти
Жайкы ысык Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмүн азайтты
19.09.2025 | 16:53

2025-жылдын жай айындагы аномалдуу ысык аба ырайынан улам Кыргызстанда дан эгиндеринин түшүмү кескин төмөндөдү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин Айыл чарба статистикасы башкармалыгы маалымдады.
23-августка карата өлкөдө 900 миң тоннадан ашык дан жыйналган. Бул көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 23% аз. Ошол эле учурда дан эгиндеринин аянты 6% көбөйүп, 429 миң гектарды түзгөн.
Эң чоң төмөндөө Чүй жана Талас облустарында байкалган. Республика боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 31,6% га, арпанын түшүмдүүлүгү 31,5% га азайган.
Бирок ысыкка карабай айрым өсүмдүктөрдүн түшүмү көбөйгөн:
- май өсүмдүктөрү — 47,4%;
- мөмө-жемиштер — 22,2%;
- коон — 17,2%;
- жашылчалар — 11,2%;
- картошка — 3,6%.