Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
БШК: Эми жарандар шайлоодо аралыктан добуш бере алышат
22.09.2025 | 11:28

Борбордук шайлоо комиссиясы мыйзам аралыктан добуш берүүгө мүмкүндүк берерин белгилеп, учурда программалык-техникалык камсыздоо даярдалып, тестирлөө иштери жүрүп жатканын маалымдады.
Жаңы механизм онлайн идентификация аркылуу ишке ашат. Ага ылайык, ар бир жаран өз шайлоо округунан тышкары жакынкы шайлоо участогунда добуш бере алат. Бирок бир округдун ичиндеги башка участоктон добуш берүүгө мүмкүнчүлүк берилбейт.
Белгилей кетсек, аралыктан добуш берүү чет өлкөдө жашагандар үчүн да каралган. Алардын каттоо дареги жашаган өлкөдөгү жер катары көрсөтүлсө, тиешелүү маалыматты элчилик же консулдуктар аркылуу жаңыртып коюу сунушталат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом