Мамлекеттик катчы кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады

23.09.2025 | 09:44

Мамлекеттик катчы Марат Иманкулов кыргызстандыктарды Мамлекеттик тил күнү менен куттуктады.

Өзүнүн кайрылуусунда ал кыргыз тили улуттун башкы сыймыгы жана ата-бабалардын улуу табериги экенин белгилеп, мамлекеттик макамга ээ болгонуна быйыл 36 жыл толгонун эске салды.

Марат Иманкуловдун айтымында, кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү — учурдун талабы жана мамлекеттин туруктуу өнүгүүсүнүн негизги шарты. Ал президент Садыр Жапаровдун «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик» концепциясында мамлекеттик тилдин артыкчылыктуу багыт катары аныкталганын баса белгиледи.

Мамлекеттик катчы акыркы жылдары кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча жасалган иштерге токтолду. Анын ичинде:
• мамлекеттик кызматкерлердин тил билүү деңгээлин аныктоо үчүн Кыргызтест системасын ишке ашыруу;
• “Санарип Кыргызстан” концепциясынын алкагында «АЙТИЛ – акыл ачкычы» порталы жана жасалма интеллектке негизделген тил өнүмдөрүн иштеп чыгуу;
• 700дөн ашык үлгү иш кагазын мамлекеттик тилде даярдоо;
• «Кыргызча оңой/Easy Kyrgyz» тиркемесин жана бир катар тармактык сөздүктөрдү коомчулукка сунуштоо.

Марат Иманкулов кыргыз тилин билүү — жарандык жоопкерчилик жана мамлекетке болгон сый экенин баса белгилеп, кыргызстандыктарды эне тилди урматтап, аны өркүндөтүүгө чакырды.

«Эне тилин сыйлаган эл эч качан кор болбойт. Кыргыз тилин билүү өзүбүзгө болгон урмат жана келечек муунга калтырар белек», — деп белгиледи ал.

Рубрики: Коом
Scroll to Top