Аюу, түлкү, илбирс: Кыргызстандагы жапайы жаныбарлардын сүрөтү жарыяландыСадыр Жапаров Ташкентте бирдиктүү «Санариптик транзиттик коридор» платформасын түзүүнү сунуштады«KAV & KEV» компаниясынын кеңсесинде тинтүү жүрүп, Клевцовду суракка алып кетиштиӨкмөт башчы Москвага иш сапары менен баратКыргызстанда абага зыяндуу заттардын чыгуусу өсүүдө: 2024-жылы 58,3 миң тоннаны түзгөнЧүйдө короолорго кирип, уурулук кылып жүргөн шектүү кармалды
Кыргызстанда чет жерлерден арзан этти ташып келүү маселеси каралууда
23.09.2025 | 13:09

Кыргызстанда чет өлкөлөрдөн арзан этти ташып келип, ири соода түйүндөрүндө сатуу маселеси каралууда. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, учурда эттин баасына 90 күнгө мамлекеттик жөнгө салуу киргизилген. Бирок буга карабастан этти мамлекет тарабынан белгиленген баадан жогору баада саткан учурлар катталып, айып пулдар салынууда.
Орозбаев аталган мекемеге бир катар ишканалар тарабынан арзан этти сырттан ташып келүү боюнча сунуштар келип түшкөн. Учурда бул маселе каралууда. Ошондой эле өкмөт тарабынан чет жактардан этти ташып келүүгө болгон тоскоолдуктар алынып салынган. Бул өлкөдө эттин баасын төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом