Арашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жататТуманбаев МИКтин үйлөрү жыш салынууда деген сындарга жооп бердиСадыр Жапаров: Кумтөр жана “Кыргызалтын” акыркы үч жылда 2 млрддоллар таза киреше таптыНарында сүттү кайра иштетүүчү жаңы цех ишке кирдиЖогорку Кеңеш салыктык жеңилдиктердин топтомун кабыл алдыЭлдик курултайда 67 өнөр жай жана социалдык объектилер онлайн режиминде ачылды
Бишкекте мыйзамсыз сакталган бир топ курал-жарак жана ок-дарылар табылды
19.03.2020 | 16:51
Бишкекте эки жайдан мыйзамсыз сакталган бир топ курал-жарак жана ок-дарылар табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт.
Такталгандай, буга чейинки козголгон кылмыш иштин алкагында, шектүү делген эки дарекке тинтүү жүргүзүлгөн.
Табылган курал-жарак жана ок-дарылар:
- 1 даана 7,62- калибрдагы “Сайга” автоматы,;
- 3 даана РПГ-18 куралы;
- 3 даана граната (жардыруучу каражат);
- 1 даана винчестер;
- 5,45-калибрдагы 248 дана ок жана 1 даана 12-калибрдагы ок;
- 9 мм болгон 85 даана ок;
- 10 мм болгон 171 даана ок;
- 7,62 мм болгон 700 даана ок;
- 22 кылыч, 72 бычак;
- кара түстөгү 2 даана бет кап;
- автоматтын бир даана кутучасы (магазин) табылган.
[su_image_carousel source=”media: 23928,23927,23926″ crop=”none” autoplay=”4″]
Мындан сырткары аталган даректен 19 ширенкенин кутучасына салынган 360 грамм “гашиш” жана 1 килограмм 910 грамм салмактагы “марихуана” баңгизаттары табылган.
Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдардын өздүгүн аныктоо жана аларды кармоо боюнча ыкчам-иликтөө иштери жүрүп жатат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар