Новосибирскиде 10 жаштагы кыргызстандык баланын жүрөгүнө оор операция жасалды

25.09.2025 | 20:00

Новосибирск шаарынын Е.Н. Мешалкин аттуу медициналык борборунда дарыгерлер кыргызстандык 10 жаштагы баланын жүрөгүнө 10 саат бою оор операция жасашты. Бул тууралуу «Новосибирские Новости» сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы башка бир мамлекеттин дарыгерлери жүрөк кемтиги менен төрөлгөн кыргызстандык балага операция жасашкан. Бирок жарым жылдан кийин баланын температурасы көтөрүлө баштаган. Жашаган жериндеги дарыгерлер аны бир нече жолу текшерип, кыска мөөнөттүү антибиотик курстарын жазып берип жүрүшкөн.

Тогуз ай бою дарылоо натыйжа бербегендиктен, баланын ата-энеси аны Новосибирскиге алып келишкен. УЗИде баланын жүрөгүндө инфекция пайда болуп, ал өрчүшүп кеткени аныкталган. Инфекция жүрөк клапандарды жабыркатып, жүрөктүн иштеши начарлап кеткен.

Өтө кооптуу операция он саатка созулган. Хирургдар жабыркаган бардык ткандарды алып салып, ириңдерди тазалашкан. Ошондой эле жараксыз калган жүрөк клапандарды алмаштырышкан. Операциядан кийин беш күн бою бала дарыгерлердин тыкыр көзөмөлүндө реанимацияда болгон. Бала тез айыга баштап, үч жуманын ичинде үйүнө чыгарылган.

Scroll to Top