Садыр Жапаров Астанада экологиялык саммитке катыштыАдылбек Касымалиев Монголиянын элчисин Кыргызстандагы миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алдыДастан Бекешев окуучуларга футболка жана джинсы менен мектепке барууга уруксат берүүнү сунуштадыДепутат Искра айылындагы бала бакчаны оңдоого каражат бөлүүнү сурандыКыргызстандын каржы сектору бир жыл ичинде капиталын эки эсеге көбөйтүп, кардарлар базасын 25 млн адамга жеткирдиЖайыл районунун базарларында быйылкы сезондун алгачкы кулпунайы сатыкка чыкты
Партиялар шайлоого катышуу үчүн 3 күндүн ичинде БШКга билдирүү бериши керек
26.09.2025 | 09:50

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялар 3 күндүн ичинде жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү экенин маалымдады.
Маалыматка ылайык, Конституциялык мыйзамдын 60-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан тартып 3 календардык күндүн ичинде партиялар талапкерлерин көрсөтүү ниети тууралуу БШКга билдиришет.
Билдирүүдө партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тууралуу маалымат камтылып, ага төмөнкү документтер тиркелет:
- партиянын каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- уставдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- жетекчинин паспорту;
- ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн тизмеси жана арыздары;
- алардын паспорттук көчүрмөлөрү.
Билдирүүгө партиянын жетекчиси кол коюп, мөөр менен бекитилиши зарыл.
Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алган.