Кыргызстандыктар баштапкы төгүмү жок турак жай жана унаа үчүн 3 млрд сомдук насыя алыштыОш шаарындагы медколлеждин кызматкери окууга кабыл алуу үчүн акча алууга шектелүүдөПутин менен Трамп бир сааттык телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрүштү — толук маалыматКыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү алмаштыЖКда мектеп формасына коюлган талаптарды жумшартуу жана мугалимдерди коргоо сунушталуудаКүн ачык болот: 9-сентябрга карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолу
Партиялар шайлоого катышуу үчүн 3 күндүн ичинде БШКга билдирүү бериши керек
26.09.2025 | 09:50

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) шайлоого катышууну көздөгөн саясий партиялар 3 күндүн ичинде жазуу түрүндө билдирүү жөнөтүүгө милдеттүү экенин маалымдады.
Маалыматка ылайык, Конституциялык мыйзамдын 60-беренесине ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо дайындалгандан тартып 3 календардык күндүн ичинде партиялар талапкерлерин көрсөтүү ниети тууралуу БШКга билдиришет.
Билдирүүдө партиянын ыйгарым укуктуу өкүлү тууралуу маалымат камтылып, ага төмөнкү документтер тиркелет:
- партиянын каттоо күбөлүгүнүн көчүрмөсү;
- уставдын нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;
- жетекчинин паспорту;
- ыйгарым укуктуу өкүлдөрдүн тизмеси жана арыздары;
- алардын паспорттук көчүрмөлөрү.
Билдирүүгө партиянын жетекчиси кол коюп, мөөр менен бекитилиши зарыл.
Эскерте кетсек, кечээ Жогорку Кеңеш өзүн-өзү таратуу чечимин кабыл алган.