Кыргызстанда 95 млн долларга калдыктарды кайра иштетүүчү комплекс куруу пландалуудаАдылбек Касымалиев Бишкектин Чыгыш айланма жолунун курулушун текшердиКыргызстан Кытайдын литий гиганты Ganfeng Lithium менен кызматташуу меморандумуна кол койдуКыргызстандын Айыл чарба министрлигинин кызматкерлери Кореяда «акылдуу» дыйканчылык боюнча окуудан өтүштү«ВКонтакте» Кыргызстанда салык төлөй баштадыБишкекте жыл башынан бери автобустар катышкан 521 жол кырсыгы катталды
Берлинде кыргыз кызы тартылган Kyz Power муралы пайда болду
26.09.2025 | 09:44

Германиянын борбор шаары Берлинде basicolors арт-группасынын сүрөтчүлөрү улуттук кийим кийген кыргыз кызынын муралын жаратышты. Бул тууралуу муралдын жаратуучусу Виктор Цой билдирди.
Анын айтымында, Kyz Power арт-долбоорунун бир бөлүгү болгон мурал Германиядагы эң ири Da Bridge Jam стрит-арт фестивалдарынын алкагында Берлинде ишке ашырылган. Ага Европа боюнча мыкты стрит-артисттер катышкан.
«Kyz Power арт-долбоору тең укуктуулук жана кыз-келиндерге дем берүү жөнүндө гана эмес, бул жолу ал эки өлкөнүн ортосундагы маданий көпүрө болду», — деп билдирди муралдын автору.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы