13-февралга карата аба ырайыКамчыбек Ташиев он үчүнчү февраль күнү эртең менен Кыргызстанга келетАзия инфратүзүмдүк инвестициялар банкы Кыргызстандагы мамлекеттик долбоорлорду колдоого даярМарлен Маматалиев: Мамлекетти бөлүп-жарууга жол бербейбизБишкек менен Чүйдө спирт ичимдиктерин чыгарган жашыруун цехтер аныкталды2025-жылы кайсы банктар эң көп насыя берди? Рейтинг
Ноокат районунда умрадан келген 3 адамдан коронавирус табылды
20.03.2020 | 09:23
Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусунун жуктуруп алгандардын саны 6 адамга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 20-мартта өтүп жаткан жаткан брифингде Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев айтты.
20-март саат 9-00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 3 жаӊы учур катталды. Ооруну жуктуруп алган 3 адам Ноокат районунун тургундары болгон. Алар дагы Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген. Учурда бейтаптар ооруканага жаткырылган.
Кыргызстанда коронавирустун алгачкы учуру 18-мартта катталды. Ооруну жугузуп алганы аныкталган 3 адам Сузак районунун тургундары болгон. Алар 12-мартта Сауд Арабиясынан умрадан кайтып келген. Буга байланыштуу Сузак районунда өзгөчө кырдаал жарыяланган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар