Садыр Жапаров бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушатКуткаруучулар апрелдин башында БЧКга кулап кеткен кишинин сөөгүн табыштыКыргызстан менен Кытай жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана инженерлерди окутуу боюнча макулдаштыКыргызстан түштүк кореялык LNC Elecom менен жогорку технологиялар жаатында кызматташатКыргызстанда эт төрт айдын ичинде орточо эсеп менен 6%га кымбаттадыЭльвира Сурабалдиева Кыргызстанга деңиз кодекси эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
УКМК: Ак-Талаа районундагы 1,98 гектар жер мамлекетке өттү
29.09.2025 | 11:21

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынан жалпы аянты 1,98 гектарды түзгөн жер тилкесин мамлекетке кайтарды.
Маалыматка ылайык, жер тилкеси 1964-жылы түзүлгөн Колхоздор аралык курулуш уюмуна өндүрүш объекттерин куруу максатында бөлүнүп берилген. 1993-жылы уюм «Демилге» акционердик коому болуп кайра түзүлүп, жетекчиликке Ч.К. шайланган. Ал 2004-жылы ишкананы жоюу жолу менен мүлктү жеке менчикке өткөрүп жиберген.
Учурда жер тилкеси тиешелүү акттын негизинде Баетов айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлдү.
УКМКнын билдиришинче, мурдагы Колхоздор аралык курулуш уюмуна тиешелүү башка объекттерди да мамлекетке кайтаруу боюнча иштер улантылууда.