Жээнбек Кулубаев Германиянын тышкы иштер федералдык министри Йоханн Вадефул менен жолукту

26-сентябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын тышкы иштер федералдык министри Йоханн Вадефул жолугушуу өткөрдү. Жолугушуу Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында өттү. Бул тууралуу ТИМ билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-герман мамилелеринин учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле региондук коопсуздуктун негизги маселелерин талкуулашкан. Өзгөчө көңүл саясий диалогду тереңдетүүгө жана жыл сайын өткөрүлүүчү консультациялардын, ошондой эле «БА + ФРГ» форматындагы кызматташтыктын алкагында эки тараптуу саясий байланыштарды кеңейтүүгө бурулган.
Тараптар маанилүү минералдар, гидроэнергетика, айыл чарба, транспорт жана инфраструктура, ошондой эле туризм тармагында кызматташтыктын келечектүү багыттарын карашкан. Кыргыз тарап Германия компаниялары үчүн инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү белгилеп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана жеке капиталды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө даярдыгын билдирген.