Өзүн УКМК кызматкери деп көрсөтүп акча алган шылуун кармалды

Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылында А.А. аттуу жаран өзүн Кыргыз Республикасынын УКМК кызматкери катары тааныштырган жана жарандарды алдоо жолу менен акча каражаттарын тартып алган.
УКМКнын маалыматына ылайык, ал аракеттерин УКМК органдарына финансылык жардам көрсөтүү зарылчылыгына негиздеген жана өлкөнүн жогорку кызмат адамдары менен байланышы бардай көрсөтүүгө аракет кылган. Кийин карызын төлөөдөн качуу үчүн жасалма укук коргоо органынын күбөлүгүн көрсөтүп, жабырлануучуларга кысым көрсөткөн.
Кармоо учурунда автоунаадан РФ ИИМинин кызматкеринин күбөлүгү жана укук коргоо органдарына тиешелүүлүгүн окшоштурган башка буюмдар табылган.
“УКМК коомчулукту мындай шылуундарга ишенбөөгө чакырып, мүмкүн болгон жабырлануучуларды Жалал-Абад облусу боюнча УКМКнын башкы башкармалыгынын 0995 01 22 10 (WhatsApp) ишеним телефонуна кайрылууга үндөйт”,-деп айтылат билдирүүдө.