Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга 10 донор инвестиция салууга даяр, арасында Ротшильддер да бар

29.09.2025 | 16:03
Возможно, это изображение 3 человека и текст «KygyzRaputy KyTpyr Repub»

Энергетика министрлиги Таалайбек Ибраев 10 эл аралык донор Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбооруна каражат бөлүүгө даяр экендиктерин билдирди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.

Брюссел шаарында министрлик Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашыруу маселелери боюнча ири эл аралык уюмдар жана каржы институттары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөргөн.

Министр Таалайбек Ибраевдин айтымында, 10 ишкана аталган долбоорго салымын кошууга даярдыгын билдиришип, өзүлөрүнүн шарттарын, пайыздык чендерин айтышкан.

“Эгер Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбооруна 1,5 млрддын тегерегинде акча донор керек болсо, бүгүн биз донорлордон 3 млрд 300 млндун тегерегинде сунуштарды алдык. Ар бир донор өзүнүн шартына байланыштуу гранттарды, жеңилдетилген кредиттерди сунуштады. Биз алардын ар бири менен жолугуп, сүйлөшүп чыктык. Эми талкуулап чыгышыбыз керек”,- деп билдирди министр.

Донорлордун арасында: Дүйнөлүк банк, ЕБ, ЕИБ, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ), АӨБ, Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы (АИИБ), Ислам өнүктүрүү банкы (ИӨБ), CDP, ОПЕК Эл аралык өнүктүрүү фонду, ошондой эле Ротшильд банкы да бар.

Таалайбек Ибраев Камбар-Ата-1 ГЭСи курулуп бүткөндөн кийин, ал өз чыгымын өзү жабышы керектигин билдирди. Ал эми донорлор бул долбоор өзүн өзү актай турганын билдиришкен.

“Өзүңөр билесиңер дүйнөлүк донорлор акча салуудан мурун бүт шарттарды изилдеп чыгат. Булар бир жылдын ичинде биз жасаган жумуштардын баарын изилдеп чыгып, андан соң биздин тегерек столго келип катышышты. Анан өзүлөрүн шарты менен Камбар-Ата-1 ГЭСине акча каражатын бөлүп берүүгө даярдыгын билдиришти”,- деди ал.

25-26-сентябрь күндөрү Белгиянын борбору Брюсселде Камбар-Ата-1 ГЭСи долбооруна даярдыктар боюнча тегерек стол болуп өткөн. Ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын энергетика министрлери, каржы жана суу ресурстары мекемелеринин жогорку жетекчилери катышкан.

Эске сала кетсек, 11-сентябрда өлкө башчы Садыр Жапаров Бишкекте Rothschild & Co компаниясынын башкармалыгынын мүчөсү Ариэль Малярд де Ротшильд баштаган делегацияны кабыл алган.

Саясий илимдердин доктору Токон Мамытов мындай жогорку даражалуу коноктордун Кыргызстанга болгон сапары туурасында өз пикирин Reporter.kg’ге берген маегинде билдирди.

Scroll to Top