ФАОнун азык-түлүк бааларынын индекси сентябрда бир жылда 5,8% өстүКыргызстанда төрөттүн жыйынды коэффициенти 2,6га чейин төмөндөдүКыргызстан менен Орусия ветеринария тармагында кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюштуТүрк мамлекеттери саламаттык сактоо боюнча 2026–2027-жылдарга план бекитиштиКыргызстандын калкынын саны 7,4 млн адамга жеттиӨлкөдө күн ачык болот: 3-октябрга карата аба ырайынын божомолу
Адвокат: Ишкер Имамидин Ташов Бишкектеги №1 СИЗОдо ачкачылык жарыялады
29.09.2025 | 15:55

Бишкектеги №1 СИЗОдо кармалган ишкер Имамидин Ташов ачкачылык акциясын баштады. Бул тууралуу анын жактоочусу Асел Аргымбаева билдирди.
Анын айтымында, Ташов мекемедеги мыйзам бузуулар тууралуу арыздангандан кийин администрациянын кысымына кабылган.
Аргымбаеванын маалыматына караганда, Ташов мурдагы №235 камерадан (анда 6 адам кармалчу) мыйзамсыз түрдө №218 камерага которулган. Ал жерде 18 абактагы, анын ичинде бир нече адам өлтүрүү боюнча соттолгондор отурат.
Анын туугандары алып келген жана белекке берилген жеке буюмдары конфискацияланган.
Жактоочу Ташовду саясий туткун деп атап, анын укуктары бузулуп жатканын белгиледи.