Ош шаарындагы оңдолгон каналдардын мурунку жана азыркы абалыБШК: Шайлоого катышуу үчүн 7 талапкер арыз бердиКараколдо окуучу кызды классташы сабаган окуя: мектеп жетекчилерине сөгүш берилдиЖөлөк пулдун жаңы түрү. Чек ара жана алыскы аймактардагы үй-бүлөлөргө 3000 сомдон жөлөкпул төлөнөтКыргызстан менен Азербайжандын театрлары кызматташатШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарынын ачылышына даярдык көрүү боюнча биринчи жыйын өттү
Айдоочунун эсине! Тоолуу аймактарды туман каптады
01.10.2025 | 16:24

Бүгүн тоолуу аймактарда аба ырайы кескин өзгөрүп, калың туман каптады. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы маалымдады.
Маалыматка ылайык, учурда жолдун көрүнүүсү өтө начарлап, кырсыктардын коркунучу жогорулады.
Башкармалык айдоочуларды төмөнкү эрежелерди так сактоого чакырат:
- туманга каршы фараларды күйгүзүү;
- унаалар ортосундагы аралыкты сактоо;
- ылдамдыкты азайтуу;
- өзгөчө этият болуу.
«Туман кооптуу кырсыктарга себеп болушу мүмкүн. Сиздин коопсуздугуңуз өзүңүздөн көз каранды!», — деп белгиленет маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом