Кыргызстан менен Түркиянын өкүлдөрү соода тармагындагы кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстандын экономика министринин орун басары Медербек Туманов Түкиянын Соода министрлигинин продукциянын коопсуздугу жана инспекция боюнча башкы башкармалыгынын башкы директору Хакки Караборклюнун жетекчилигиндеги түрк делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууда тараптар техникалык жөнгө салуу, аккредитация, шайкештикти баалоо жана метрология тармактарындагы өз ара кызматташууну чыңдоого байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулашкан.
Тараптар продукциянын коопсуздугу жана инспекция тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү, эки өлкөнүн адистери үчүн биргелешкен тренингдерди, семинарларды жана стажировкаларды уюштуруу долбоорлорун биргелешип ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгилешкен.
Жолугушууда ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын продукциянын коопсуздугун камсыз кылуу системалары тааныштырылган. Бул эки өлкөнүн адистерине тажрыйба алмашууга жана мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоого шарт түзгөн.