Бишкекте 16 жашар окуучу кыз 3 күндөн бери изделип жататЖумуш таап берем деп чакырып, 18 жашар кызды зордуктаган. Сот аны 3 жылга кестиӨлкөдөгү мечиттерде жаан, кар тилеп сыйыныштыБүгүн Садыр Жапаров туулган күнүн белгилеп жатат. Аны кимдер куттуктадыБишкекте үйлөрдүн баасы дээрлик 30%га өстүБШК №16 округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын бекитти. Кимдер депутат болду
Ысык-Көл музыкалык-драма театры Москва шаарында эки спектакль коёт
02.10.2025 | 20:00

11–12-октябрда Касымалы Жантөшев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театры Москва шаарынын Малый театрындагы «Ордынка» сахнасында эки спектакль тартуулайт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган театр «Чоң гастролдор» программасынын алкагында «Ак кеме» жана «Күн кармаган бала» спектаклдерин коёт. Спектаклдердин режиссёру – Уланмырза Карыпбаев.
Министрлик аталган сахнада 1978-жылы Ош театры «Ак кеме» спектакли менен зор ийгиликке жетишкенин кошумчалады.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы