Кыргызстан менен Азербайжандын театрлары кызматташат

Кыргызстан менен Азербайжандын театрларынын ортосунда чыгармачылык боюнча келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Иш-чарага Азербайжан театрынын директору Аскеров Ильхам Эльхан Оглы жана адабий-драмалык бөлүмдүн жетекчиси Джавид Зейналов, ошондой эле Кыргыз Улуттук драма театрынын директору Асылбек Өзүбеков катышкан.
Жолугушууда эки өлкөнүн улуттук театрларынын тарыхый өнүгүүсү, чыгармачылык тажрыйбалары жана сахналык өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрү талкууланган. Ошондой эле, алдыда биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана маданий кызматташтыкты тереңдетүү маселелери каралган.
“Бул келишим кыргыз жана азербайжан элдеринин ортосундагы достукту чыңдоого, маданий көпүрөлөрдү курууга жана театр искусствосунун өнүгүшүнө чоң салым кошо турган маанилүү кадам болуп калды”,- деп билдирди министрлик.