Орусияда мектепке барбаган мигранттардын балдары тууралуу маалыматтар алынып турат

Орусиянын өкмөтү мектепке кабыл алынбаган, анын ичинде орус тилинен тест тапшыра албаган мигранттардын балдары боюнча маалыматтарды ыкчам алуу боюнча механизм иштеп чыгууда. Бул тууралуу ТАСС агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жашы жете элек чет элдик жарандар тууралуу маалыматтар мекемелер ортосунда бирдиктүү электрондук өз ара аракеттенүү системасы аркылуу алмашылат. Тиешелүү токтом долбоорун Орусиянын ИИМи даярдаган.
“Документте жашы жете элек чет элдик жарандар тууралуу маалымат алмашууда мамлекеттик органдардын өз ара маалыматтык кызматташуусунун эрежелери бекитилген. Маалыматтар федералдык деңгээлдеги ИИМ, Билим берүү министрлиги, Санарип өнүгүү министрлиги, Рособрнадзор жана билим берүү тармагындагы региондук бийлик органдарынын ортосунда алмашылат”,- деп билдирди агенттик.