Бишкекке 95 жаңы автобус жана 42 бирдик атайын техника берилдиБишкектин 7-апрель көчөсүндө жылуулук түтүгү жарылды. Мэрия оңдоо иши башталганын билдирдиКазакстан Starlink интернет-трафигин Кыргызстанга жана коңшу өлкөлөргө жеткирүүнү пландаштыруудаКамила Талиева президент менен Камчыбек Ташиевди ушакчылар уруштурганын айтып, аларды жараштырууну сунуштадыМарлен Маматалиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болотКыргызстан Германияны санкциялар маселесинде тең салмактуу мамиле жасоого чакырды
БШК: парламенттик шайлоого катышууга үч партия арыз берди
06.10.2025 | 15:20

Борбордук шайлоо комиссиясына Жогорку Кеңештин мөөнөтүнөн мурда өтө турган шайлоосуна катышуу ниетин үч партия расмий түрдө билдирди.
БШКнын маалыматына ылайык, булар:
- «Кырк ууз» партиясы
- «Легалайз» партиясы
- «Ынтымак» партиясы
Мыйзамга ылайык, партиялар съезд өткөрүп, ар бир көп мандаттуу шайлоо округунан бирден талапкерди жашыруун добуш берүү жолу менен көрсөтүшү керек.
Партиялар өз мүчөсү эмес, бирок Кыргызстандын жаранын талапкер катары көрсөтө алышат. Ошол эле учурда башка партиянын мүчөлөрүн талапкер катары көрсөтүүгө тыюу салынат.
Тизмелерди түзүүдө гендердик тең салмактуулук сакталууга тийиш — бир жыныстагы талапкерлердин саны 70 пайыздан ашпоого тийиш.