Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон Душанбеде жолугушту2026-жылдагы ажылык сапарды “Flyadeal” аткарат — 6060 кыргызстандык зыяратчы учатДональд Трамп Израиль менен ХАМАС тынчтык планына кол коюшканын жарыяладыКыргызстанда тоо-кен тармагын өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгуу жана коңшу өлкөлөр менен кызматташууну күчөтүү сунушталдыУКМК: «Хизб ут-Тахрир» уюмунун активдүү мүчөлөрү кармалдыСадыр Жапаров Тажикстанга барды
Кытайда миллиондогон унаа жол тыгынында: айдоочулар 1 сутка ашык жолдо калышкан
09.10.2025 | 16:20

Кытайдын Пекин–Гонконг–Макао автомагистралында улуттук майрамдан кийин массалык жол тыгыны пайда болуп, айрым айдоочулар бир күндөн ашык жолдо калышкан.
Маалыматка ылайык, 50 жол тилкесинде миллиондогон унаалар кыймылдап, узун кезек жүздөгөн чакырымга созулган. Бул көрүнүш Кытайда сегиз күндүк Улуттук майрам аяктагандан кийин кайтып жаткан жарандардын агымы менен байланыштуу.
Жыл сайын октябрдын башында миллиондогон кытайлыктар эс алуу күндөрүн пайдаланып, өлкө аймагында саякатка чыгышат. Бирок быйыл унаалардын көптүгүнөн улам транспорттук кыймыл дээрлик токтоп, айдоочуларды жана жүргүнчүлөрдү узак күтүүгө мажбур кылган.
Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдирүүсүндө, айрым айдоочулар 24 саатка чейин тыгында отурушкан.