Бишкекте тергөөчү пара талап кылууга шектелип кармалдыБишкекте баңгизат таратууга шектелип 19 жаштагы жигит кармалдыОш облусунун экс-губернатору кармалып, СИЗОго киргизилдиУлуттук тарых музейинде Улуу Ата Мекендик согушту эскерүүгө арналган көргөзмө ачылдыМамлекеттик органдарга каттарды кагаз түрүндө кайталоону токтотуу сунушталдыДастан Бекешев кыймылсыз мүлк менен болгон келишимдерге өзүнө-өзү тыюу салууну киргизүүнү сунуштады
Энергетика министрлиги: Токтогул ГЭСин жаңылоо иштери аяктоо алдында
10.10.2025 | 10:33

Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү жана жаңылоо иштери 94%га бүткөрүлдү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, ГЭСтин акыркы гидроагрегатын ноябрь айында ишке киргизүү пландалууда. Учурда бул боюнча иштер жүрүүдө.
ГЭСти жаңылоонун негизги максаты станциянын кызмат мөөнөтүн узартуу, кубаттуулугун 1200 МВттан 1440 МВтка чейин көбөйтүү, ошондой эле заманбап автоматташтырылган башкаруу системасын киргизүү болуп саналат.
Иштер үч фазанын негизинде ишке ашырылууда:
- Фаза I — Гидромеханикалык жабдууларды жаңылоо;
- Фаза II — Гидроагрегаттарды толук алмаштыруу;
- Фаза III — Плотинаны мониторингдөө системасын орнотуу.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом