АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
БШК: Талапкерлер шайлоочуларга белек бербеши керек, үгүт иштери 10-ноябрга чейин тыюу салынат
10.10.2025 | 10:25

Борбордук шайлоо комиссиясы талапкерлерге жана саясий партияларга шайлоо мыйзамдарын так сактоону эскертти.
Маалыматка караганда, 10-ноябрга чейин үгүт иштерин жүргүзүүгө тыюу салынат. Бул мезгилде талапкерлер шайлоочуларга белек, материалдык же башка түрдөгү жардам көрсөтүүгө да укуксуз.
Ошондой эле, шайлоо өнөктүгү маалында саясий атаандаштар тууралуу тастыкталбаган же жалган маалымат таратууга тыюу салынары белгиленди.
БШК мыйзам бузуулар аныкталган учурда талапкерди каттоодон баш тартууга чейин чара көрүлөрүн эскертти.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом