Кыргызстанда майыптуулугу бар кыз-келиндерди зомбулуктан коргоо боюнча семинарлар өтүүдө

10.10.2025 | 10:51

Кыргызстандын бардык аймактарында гендердик теңчиликти илгерилетүү жана майыптыгы бар аялдардын жана кыздардын укуктарын коргоо боюнча семинарлар өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Эмгек министрлиги билдирди.

Семинар прокуратура, ички иштер органдарынын кызматкерлерине, адвокаттарга жана социалдык кызматкерлерге багытталган.

Окутуулардын максаты – зомбулуктан жабыр тарткан, ар кандай формадагы майыптыгы бар аялдарды жана кыздарды коргоонун өзгөчөлүктөрүн эске алуу жаатында кесиптик коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүн чыңдоо.

Программада укуктук базаны талдоо, эл аралык стандарттарга сереп салуу, алгачкы коргоо чараларынын алгоритмдери, иштерди сотко чейинки жана соттук кароонун өзгөчөлүктөрү, ошондой эле майыптыгы бар адамдар менен иштөөдө этика жана этикет маселелери камтылган.

Аталган окутуулар Эмгек министрлиги менен «Социалдык технологиялар агенттиги» коомдук бирикмеси тарабынан Канаданын жергиликтүү демилгелер фондунун колдоосу менен ишке ашырылып жатат.

Scroll to Top