Адылбек Касымалиев Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору менен жолугушту

Өкмөт башчы Адылбек Касымалиев Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашкан. Мындан тышкары, Камбарата ГЭС-1 куруу долбоору боюнча кызматташуунун келечеги тууралуу пикир алышышкан.
Адылбек Касымалиев аталган фонддун кыргыз-сауд мамилелерин чыңдоого кошкон өзгөчө салымын белгиледи.
“Сауд өнүктүрүү фонду менен Кыргызстандын ортосунда жемиштүү кызматташтык уланууда. Фонддун колдоосунун аркасында саламаттыкты сактоо, транспорт, турак жай куруу жана айылдык калктуу конуштарды суу менен камсыздоо тармактарында долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда”, – деп билдирген өкмөт башчы.
Өз кезегинде Султан Аль-Маршад мындан ары да өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана өлкөдө социалдык маанилүү демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин билдирген.