Жээнбек Кулубаев КМШ мамлекеттеринин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты

Тажикстандын борбору Душанбеде Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев КМШга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Жыйындын жүрүшүндө ТИМ башчылары эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, КМШнын алкагындагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашкан.
Аймактык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча КМШга мүчө мамлекеттердин тышкы саясат мекемелеринин өз ара аракеттенүүсүнө, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму жана башка эл аралык жана аймактык уюмдар менен кызматташууну кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурулган.
Жолугушуунун жыйынтыгы КМШнын Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги жыйынын 2026-жылдын 17-апрелинде Калининград шаарында өткөрүү чечими кабыл алынган.