«Евразия» паркындагы окуя. Акыйкатчы майыптарды басмырлоого жол бербөөгө чакырды

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева мамлекеттик жана муниципалдык органдарды ден соолугу чектелген адамдардын укуктарын коргоого чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы кызматы билдирди.
Бишкектеги Евразия сейил багында жети жашар Айлин менен анын апасынын окуясы тынчсыздануу жаратты. Айлин Даун синдрому менен төрөлгөн жана жакында омурткасына операция жасаткандыктан өз алдынча баса албайт. Сейил бак кызматкерлери аттракцион 14 жашка чейинки балдар үчүн деп, уруксат бербеген.
Жамиля Жаманбаева мэрияга текшерүү жүргүзүүнү сунуштап, сейил бак кызматкерлерин мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга сый мамиле кылууга үйрөтүүнү талап кылды. Ал ошондой эле сейил бактардагы коопсуз эс алуу аймактарын, пандустарды жана ыңгайлаштырылган аттракциондорду орнотууну сунуштады.
Акыйкатчынын айтымында, тең укуктуулук – ар бир жарандын негизги укугу жана коомдун бардык мүчөлөрү үчүн инклюзивдүү шарттарды түзүү милдеттүү.