Путин AZAL учагы кабылган кырсык боюнча Ильхам Алиевге кеңири маалымат берди

10.10.2025 | 12:58

Орусиянын президенти Владимир Путин Душанбеде Азербайжандын башчысы Ильхам Алиевге AZAL авиакомпаниясынын учагы учураган кырсык боюнча кеңири маалымат берди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Маалыматка ылайык, жолугушууда Путин Орусия келишимдерге ылайык кырсыкты иликтөөгө бардык тараптан жардам көрсөтүп жатканын билдирген. Ал кырсык болгондон кийин биринчи телефон сүйлөшүүдө ал бул окуя Орусиянын аба мейкиндигинде болгондугу үчүн кечирим сурап, каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө терең кайгыруу менен көңүл айтканын билдирген.

Путиндин айтымында, авиакырсыктын себептери Украинага тиешелүү учкучсуз учуучу аппарат менен да байланышкан. Ошол күнү Орусиянын аба мейкиндигин үч украиналык дрон кесип өткөн.

“Экинчи себеп – Орусиянын абадан коргонуу системасындагы техникалык мүчүлүштүктөр. Эки ракета учакты түздөн-түз урган эмес, андай болгондо ал ошол эле жерге куламак. Ракеталар болжол менен он метр аралыкта жарылган, балким, бул өзүн-өзү жок кылуу болгон чыгар”, — деген Путин.

Ал учакка түз сокку эмес, жарылуудан учкан сыныктар тийген болушу мүмкүн экенин айткан. Ошондой эле кырсыктын себептери учактын «кара кутуларынан» алынган маалыматтардын негизинде кылдат анализден кийин гана такталган. Ал Орусия бардык жооптуу кызмат адамдарынын аракеттерине укуктук баа берерин кошумчалаган.

“Мындай кайгылуу учурларда талап кылынган бардык компенсациялар Орусия тараптан толук аткарылат”, — деген ал.

Өз кезегинде Ильхам Алиев Путинге AZAL учагы боюнча берилген толук маалымат үчүн, ошондой эле кырсыктын себептерин аныктоо иштерин жеке көзөмөлүнө алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирген.

Эске салсак, Azerbaijan Airlines авиакомпаниясына таандык Embraer 190 учагы 2024-жылдын 25-декабрында Бакудан Грозный шаарына бара жатып, Казакстандын батышындагы Актау шаарына жакын жерге кулап түшкөн. Учакта беш экипаж мүчөсү жана 62 жүргүнчү болгон. Кырсыктан 29 киши тирүү калган.

Scroll to Top