Эми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болот

Эми Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу аймактык медицина кызматкерин үйгө чакыруу үчүн өтүнмөнү берүүгө болот. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Tunduk аркылуу чакыруунун кадамдары:
- Tunduk мобилдик тиркемесин ачып, «Менин ден соолугум» бөлүмүнө өтүңүз.
- Кызматтардын тизмегинен «Медицина кызматкерин үйгө онлайн чакыруу» кызматын тандаңыз.
- «Өтүнмө жиберүү» баскычын басыңыз.
- Кимге чакыра турганыңызды тандаңыз: «Өзүмө чакырам» же «Балага чакырам». Ошондой эле, мурунку чакыруулардын тарыхын көрө аласыз.
- Байланыш телефонуңузду жана иш жүзүндөгү жашаган дарегиңизди киргизиңиз.
- Чакыруунун себебин жана дарыгердин келиши үчүн каалаган күндү тандаңыз. (Күндү өтүнмө жиберилген күндөн эрте эмес тандоо керек).
- Жеке маалыматтарды иштетүүгө макулдугуңузду берип, өтүнмөнү жөнөтүңүз.
Маанилүү: Каттоо бөлүмү арыз түшкөндөн кийин 1 жумушчу күндөн кечиктирбей кабыл алып, тиешелүү медицина кызматкерин дайындоого милдеттүү. Бейтап тейлөө аймагынан тышкары жашаса же бош медицина кызматкерлери жок болсо гана, кызмат көрсөтүүдөн баш тартууга жол берилет.
Чакыруу кабыл алынгандыгы жана дарыгердин келе турган күнү жана убактысы көрсөтүлгөн билдирүү Tunduk аркылуу жаранга жөнөтүлөт.
Бул санариптик кызмат өзгөчө кыймыл-аракети чектелген жарандар жана алыскы аймактардын жашоочулары үчүн медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталган.