Кыргызстан менен Жапония бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну талкуулады

13.10.2025 | 11:54

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров
Жапония менен Кыргызстандын экономикалык кызматташтык ассоциациясынын төрагасы жана Кыргызстандын Жапониядагы элчисинин кеңешчиси Тарутоко Синжи менен жолугушту. Бул тууралуу аталган агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушууга Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Хидэки Года, Яидзу шаарындагы Кыргызстандын ардактуу консулу Мичинори Йотсухаши, ошондой эле «Айби Систем» жана «Окикайдын» жапон ишканаларынын өкүлдөрү катышкан.

Тараптар медицина, билим берүү, маалыматтык технологиялар жана тоо-кен өнөр жайы тармактарындагы биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруунун келечегин талкуулашкан. Айрыкча, рак илдеттерин эрте аныктоого багытталган, жапондордун алдыңкы технологияларын колдонгон медициналык борбор түзүү демилгесине өзгөчө көңүл бурулган.

Мындан тышкары, жапон стандарттары боюнча окутууну камсыз кылуучу пилоттук билим берүү долбоорун ишке киргизүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы айтылды.

Ошондой эле тараптар «Борбордук Азия + Жапония» саммити алкагында өтө турган кыргыз-жапон бизнес форумуна даярдык маселесин жана эки өлкө ортосунда инвестицияларды өз ара коргоо жана илгерилетүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюу мүмкүнчүлүгүн талкуулашкан.

Scroll to Top