Кыргызстан Америка мамлекеттеринин уюмунда туруктуу байкоочу статусун алууну көздөөдөКыргызстандык окуучулар эл аралык математика олимпиадасында ийгилик жаратыштыКасымалиев АКШнын IT-гиганты менен санариптик коопсуздук боюнча жумушчу топ түзүү тууралуу макулдаштыБишкек конуштар үчүн жаңы автобустарды сыноодон өткөрүүдөБишкекте мечиттер КМДБнын балансына өткөрүлүп берилүүдөОш шаарында үч тараптуу айланма жол курулуп жатат
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 42 адамга жетти
24.03.2020 | 12:55
Кыргызстанда өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусунун жуктуруп алгандардын саны 42 адамга жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдиргенин коронавируска каршы туруу боюнча түзүлгөн ыкчам штаб кабарлады.
Исаковдун айтымында 24-мартта республика боюнча коронавирус инфекциясын жуктуруунун 26 жаӊы учуру катталган.
Мындан сырткары ооруканага жаткырылган дагы төрт адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыккан (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө).
Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.
Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).
Рубрики: Жаңылыктар, Коом