ИИМ: Ак-Ордодо эки адамды өлтүрүүгө шектүү жаран кармоо учурунда өлтүрүлдү

14.10.2025 | 09:06

ИИМдин маалыматына ылайык, Ак-Ордо жаңы конушунда эки адамды өлтүрүүгө шектелген жаран качып кеткен учурда милиция тарабынан ок жеп каза болгон.

Мекеменин билдирүүсүндө, буга чейин 2006-жылы туулган И.С. аттуу жаран эки адамды өлтүрүүгө шектелип, ыкчам-издөө иш-чараларынын жыйынтыгында кармалган.

Бүгүн, 14-октябрь күнү, Чүй облусунун Кемин районунда кылмыш жасалган жерди жана жагдайды көрсөтүү учурунда шектүү качып кетүүгө аракет кылган.

Аны токтотуу максатында милиция кызматкерлери Кыргыз Республикасынын «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамынын 45 жана 46-беренелерине ылайык кызматтык курал колдонушкан.

Натыйжада, шектүү ок жеп, алган жаракатынан улам каза болгон.

ИИМ учурда бул окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлүп жатканын, териштирүүнүн жыйынтыгында кошумча маалымат берилерин билдирди.

Scroll to Top