Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Автобуста кызды кармалаган чет элдик жаран Кыргызстандан депортацияланат
16.10.2025 | 14:24
Укук коргоо кызматкерлери коомдук транспортто кызга тийишкен чет элдик жарандын өздүгүн аныкташты. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин 14-октябрдын кечинде №4 автобуста чет элдик жаран кыздарды кармалап, алардын бирин сүрөткө тартып алгандыгы маалымдалган. Жүргүнчүлөрдүн бири окуяны телефондун камерасына тартып алган.
Бул факт Свердлов райондук ИИБинин маалыматтарды каттоо журналына катталган. Тартип бузган адамдын өздүгү аныкталып, ал 37 жаштагы В.И. экени такталган. Ага Укук бузуулар жөнүндө кодекстин «Майда бейбаштык» беренеси боюнча протокол түзүлүп, материалдар сотко жөнөтүлгөн.
Мындан тышкары, Кыргызстандын аймагында жүрүү тартибин бузгандыгы үчүн чет элдик жаран өлкөдөн депортацияланат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар