Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейтОвсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жатат
Салык кызматы Бишкекте көмүскө алкоголдук ишкананы аныктады
16.10.2025 | 14:54

Салык кызматынын кызматкерлери Бишкекте алкоголдук ичимдиктерди мыйзамсыз өндүрүп, таңгактаган кампаны аныкташты.
Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, имаратты текшерүү учурунда эски үлгүдөгү жана келип чыгышы күмөндүү акциздик маркалар, ошондой эле бош бөтөлкөлөр, капкактар жана популярдуу бренддердин этикеткалары табылган.
Алдын ала маалымат боюнча, даяр продукция борбордогу жергиликтүү базарларга таратылган.
Мамлекеттик салык кызматы жеринде протоколдор түзүлгөнүн, үлгүлөр экспертиза үчүн алынганын, ошондой эле иштин материалдары кошумча иликтөө жана юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом