Овсюктун жаңы коркутуусу: бул жолу Бишкектеги соода борборлоруОкуучуларды коркуткан адамдын өздүгү аныкталдыБишкектеги мектептер 17-октябрда онлайн форматка өтөтБишкекте белгисиз адам окуучуларды коркуткан— мектептер курчоого алынып, балдар эвакуацияландыКыргызстанда айдоочуларды окуткан унааларга текшерүү жүрүп жататБишкектин 5-кичирайонунда ысык суу убактылуу токтотулат
Бажыдагы мыйзамсыз айыптар: прокуратура 19 токтомду жокко чыгарды
16.10.2025 | 17:05

Бажы органынын кызматкери укук бузуу фактысы үчүн айыпка жыгылды.
Башкы прокуратура жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан «А» ишкердик субъектисине карата бажы декларациясын берүү мөөнөтүн бузгандыгы үчүн ар бир учур боюнча 5 миң сом өлчөмүндө айып салуу жөнүндө 19 токтом чыгарылганы аныкталды.
Бирок бул токтомдор жаза чарасын колдонуу мөөнөтү өтүп кеткенден кийин чыгарылганы белгилүү болду.
Натыйжада, Башкы прокуратура тарабынан бажы кызматкерине карата укук бузуу боюнча өндүрүш иши козголуп, соттун чечими менен ал 10 миң сом айыпка тартылды. Мындан тышкары, мыйзамсыз чыгарылган 19 токтом жокко чыгарылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом