Садыр Жапаров БА чөлкөмүнүн суу-энергетика тармагында жаңы механизмди сунуштадыЖогорку Кеңеште таштанды ыргыткандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүү тууралуу мыйзам долбоору жактырылдыПодрядчы компанияга 17 млн сомдон ашык төлөнгөн жок. Компания текшерүүлөрдүн кысымына кабылганСадыр Жапаров Астанада экологиялык саммитке катыштыАдылбек Касымалиев Монголиянын элчисин Кыргызстандагы миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алдыДастан Бекешев окуучуларга футболка жана джинсы менен мектепке барууга уруксат берүүнү сунуштады
Онлайн эмес: Бишкектеги мектептер эртең кадимки тартипте иштейт
16.10.2025 | 23:53

Ички иштер министрлигинин маалыматына ылайык, окуучуларга коркутуу видеосун тараткан адам Кыргызстандын аймагында эмес.
Тизмеге кирген бардык мектептер толук текшерилип, эч кандай шектүү буюмдар же коопсуздукка коркунуч жараткан жагдайлар аныкталган жок.
Учурда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте ишин улантып, окуучулар менен мугалимдердин коопсуздугун камсыздоодо.
Мэриянын маалыматына ылайык, ушуга байланыштуу Бишкектеги муниципалдык мектептер онлайн эмес, кадимки (оффлайн) режимде иштөө чечими кабыл алынды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом