Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Салык кызматында 13 кызматкер жумуштан бошотулду
20.10.2025 | 10:38

Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылдын тогуз айында түшкөн 181 арыздын жыйынтыгын чыгарып, 13 кызматкерди кызматтан бошотту.
Салык кызматынын маалыматына ылайык, жалпы 126 кызматкер тартиптик жоопкерчиликке тартылды — алардын ичинен 51ине эскертүү, 43үнө сөгүш, 16сына катуу сөгүш берилген.
Мындан тышкары, 3 арызда коррупция белгилери аныкталып, алардын бири боюнча материалдар УКМКга өткөрүлгөн. Ошол эле маалда 136 салык төлөөчү мыйзам бузган деп табылып, жоопкерчиликке тартылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом