Кувейт фонду Кыргызстандын айылдарын таза суу менен камсыздоого грант бөлөт. Президент макулдашууга кол койду

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан менен Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фондунун ортосундагы гранттык макулдашууну ратификациялады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Аталган макулдашууга ылайык, Кыргызстанга Кувейт араб экономикалык өнүктүрүү фонду тарабынан 300 миң кувейт динары (1 млн доллар) өлчөмүндө грант берилет. Ал “Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айылдарындагы калктуу конуштарда суу менен камсыздоону жана саркынды сууларды чыгарууну өнүктүрүү” долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоону жана алдын ала иштеп чыгууну каржылоо үчүн берилет.
Долбоордун максаты аталган облустардын айылдарын суу менен камсыздоо жана санитария системасын жакшыртуу, ошондой эле республикада суу секторун андан ары өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу милдеттерди чечүү болуп саналат.